Биз менен байланышыңыз

УКМК: Караколдогу «Ак-Тилек» базары мамлекетке өттү

Кыска кабар | 27 мая 2024 | 188 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» кооперативинин жетекчилиги финансылык-экономикалык ишмердүүлүгүндо бир топ мыйзам бузуу жана өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык аракеттерди жасаганы аныкталды.

Маалыматка караганда, «Ак-Тилек» соода-базар комплексинин жетекчилигинин кеңсесинде жана үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган документтик материалдар табылды.

Аталган кооперативдин жетекчилиги өз ыктыяры менен аянты 29 119,6 чарчы метрди түзгөн, баасы 700 миллион сомдон ашкан «Ак-Тилек» базарын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттигинин балансына өткөрүп берди.

Атайын кызмат учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланып жатканын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM