Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Индия, Пакистан жана Бангладештин канча жараны бар экени айтылды

Кыска кабар | 27 мая 2024 | 270 | 0
Кыргызстан менен Пакистандын желеги

Кыргызстанда бүгүнкү күндө Индиянын, Пакистандын жана Бангладештин 24 миңге жакын жараны бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 27-майдагы жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

Алардын 11 миңи Индиянын, 12 миң 978и Пакистандын жарандары. Арасында 6432си студент,  4750сү иштегендер.

Эки жылдын ичинде 11 миң чет өлкөлүк жаран милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, жалпысынан өлкөдө 39 миң 589 чет өлкөлүк студент бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM