Биз менен байланышыңыз

Бишкекте саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция тартуу боюнча форум өтөт

Кыска кабар | 27 мая 2024 | 191 | 0

Кыргызстан менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму медицина тармагына инвестиция тартууга багытталган Борбор Азия эл аралык форумун өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Документке 26-майда Женева шаарында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен уюмдун Европа боюнча регионалдык директору Ханс Клюге кол коюшту.

«Бул документ саламаттыкты сактоого инвестиция тартуу боюнча алгачкы Борбор Азия эл аралык форумуна даярдыктын башталышы», — деп айтылат маалыматта.

Форум 26-27-июнда Бишкек шаарында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM