Биз менен байланышыңыз

БШК Бактыбек Турусбековду депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарды

Кыска кабар | 27 мая 2024 | 306 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-майдагы жыйынында Бактыбек Турусбековду «Ынтымак» cаясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

Мындай чечимге анын өзүнүн арызы негиз болгону айтылды.

Бактыбек Турусбеков №36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча талапкерлиги көрсөткөн. Ал VI чыгарылыштын депутаты болгон.

БШК 24-майдагы отурумунда «Ата журт-Кыргызстан» cаясий партиясынан депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлгөн Кубанычбек Кадыровду өз арызынын негизинде катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыров №36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн.

Кыргызстанда 30-июнда Ноокат жана Ысык-Көл округдарында, Свердлов району боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM