Борбордук шайлоо комиссиясы 27-майдагы жыйынында Бактыбек Турусбековду «Ынтымак» cаясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
Мындай чечимге анын өзүнүн арызы негиз болгону айтылды.
Бактыбек Турусбеков №36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча талапкерлиги көрсөткөн. Ал VI чыгарылыштын депутаты болгон.
БШК 24-майдагы отурумунда «Ата журт-Кыргызстан» cаясий партиясынан депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлгөн Кубанычбек Кадыровду өз арызынын негизинде катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарган.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыров №36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн.
Кыргызстанда 30-июнда Ноокат жана Ысык-Көл округдарында, Свердлов району боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.