Биз менен байланышыңыз

Ашхабадда Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулду

Кыска кабар | 24 мая 2024 | 190 | 0

Түркмөнстандын Ашхабад шаарындагы Махтумкули Фраги маданий-парк комплексинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду.

Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Эстелик колодон жасалган, анын бийиктиги 3,5 метр, эстелик турган постамент 2,5 метрге барабар.

24-майда Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү Ашхабад шаарына барышкан. Анда КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM