Биз менен байланышыңыз

Бишкек жана Чүйдө бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болот

Кыска кабар | 24 мая 2024 | 162 | 0

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болорун өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

Катуу шамал учурунда автоунааларды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоо керек, электр чубалгылары турган жерге барбоо, көз айнек кийүү сунушталат.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM