Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров түркмөн президентин жана улуттук лидерин Кыргызстанга чакырды

Кыска кабар | 24 мая 2024 | 163 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.

Тараптар соода экономикалык алаканы күчөтүү, транзиттик транспортту өркүндөтүү, электрэнергияны импорттоо жана башка эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн багыттарын сүйлөшүштү.

Акылбек Жапаровдун маалыматына караганда, 2023-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 63 млн 546 миң долларды түздү. Ошол эле учурда, кыргыз-түркмөн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын пайдаланыла элек потенциалы бар.

Жолугушуунун соңунда Жапаров Сердар Бердымухамедовду жана түркмөн элинин улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыргызстанга визит менен келүүсүн өтүндү.

Бүгүн Ашхабадда КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM