Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү Ашхабад шаарына барды

Кыска кабар | 24 мая 2024 | 155 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-майда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Ашхабад шаарына барды. Ал тар жана кеңири чөйрөдөгү жыйындарга катышат, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Аны менен кошо министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров, Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков барышкан.

Жыйындын күн тартибинде энергетика тармагындагы кызматташуу, эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын кеңири форматта талкуулоо күтүлүүдө.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо, химиялык өнөр жай, кооптуу калдыктар менен иштөө жана интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташууга тиешелүү бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM