Биз менен байланышыңыз

Кара-Суу жана Ноокатта мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар аныкталды

Кыска кабар | 20 мая 2024 | 187 | 0

УКМК тарабынан Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-фермалар аныкталды.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган материалдардын алкагында, майнинг-фермалардын иштерин уюштуруу үчүн колдонулган 900дөн ашык  жабдуу аныкталып, алынды.

Алардын ээлери расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөй туруп, криптовалюта өндүрүшүн уюштурган.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүрүп жатат.

Жогоруда аталган ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиясынын бардык көлөмүн мыйзамдага ылайык калкка берүү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM