Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова балдарга карата зордуктоо жана өлтүрүү фактыларына жазанын эң катаал түрүн киргизүүнү сунуштады.
Ал Ош облусунун Кара-Суу районунда беш жашар кыздын үйүнөн уурдалып, зордукталганын мисал келтирип, аялдар, жаш келиндер арасында өз жанын кыйган учурлар да көбөйүп жатканын айтты.
«Кара-Суудагы окуядан кийин жакындары чогулуп, жүздөн ашык адам топтолуп, зөөкүр жазадан кутулуп кетпесе экен деп тынчсызданып жатышат. Эч болбосо балдарга зордук көрсөткөн, өлтүргөндөргө эң жогорку жазаны киргизсеңиздер.
Казакстанда экс-министр Куандык Бишимбаев жубайы Салтанат Нукенованы мыкаачылык менен сабап өлтүргөнү боюнча сот жараяны бир айдан бери ачык өтүп жатат. Ошонун негизинде алар “Салтанат мыйзамын” кабыл алышты. Ага ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукту кылмыш деп кабыл алышты. Биз дагы ушул жолго түшүшүбүз керек» , — деди депутат.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев балдарга карата зомбулуктун жазасы оор экенин, ар бир учур өзүнүн көзөмөлүндө экенин айтты. Өткөн жылы үй-бүлө зомбулугуна байланыштуу 37 мамлекеттик кызматкерге чара көрүлгөн.
Кара-Суу райондук милициясы 15-апрелде Отуз-Адыр айылынын 31 жаштагы тургуну беш жашар кызды зордуктоого шектелип кармалганын маалымдаган. Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси («Адам уурдоо») жана 155-беренеси («Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер») боюнча иш козголуп, кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Казакстан парламентинин жогорку палатасы өткөн жумада үй-бүлө зомбулугун кылмыш деп таануу, педофилдерди өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу тууралуу мыйзам долбоорлорун жактырды.
Мыйзам күчүнө кирсе Казакстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрү үчүн жаза чарасы катуулап, үй-бүлө зомбулугун алдын алуучу чаралар комплекси иштей баштайт.
Соңку жылдары Казакстанда аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселеси эң көп талкууланган маселеге айланды.