Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым аймактарында 9-апрелде суу өчөт

Кыска кабар | 5 Апр 2024 | 156 | 0

Бишкектин айрым аймактарында 9-апрелде ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Саат 9:00дөн 23:00гө чейин М.Фрунзе көч., Манас пр., Жибек-Жолу пр.,  Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.

Таза суу Белинский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө  байланыштуу өчүрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM