Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасы 4-апрелде жабылат

Кыска кабар | 2 Апр 2024 | 176 | 0

Кытай тараптын демилгеси менен майрамга байланыштуу кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү пункттары 4-апрелде жабылат.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиришти.

5-апрелден тарта кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү кайрадан жанданат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM