Биз менен байланышыңыз

Чүйдө дача кооперативдеринин тилкелери мыйзамдаштырылат

Кыска кабар | 29 Мар 2024 | 203 | 0

Чүй облусунда жер мунапысынын алкагында дачалардын көйгөйлөрүн чечүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев дача кооперативдеринин башчылары менен жолугушуп, аймактагы жер мунапысынын жүрүшүн талкуулады.

Кыргызстанда 400дөн ашык багбанчылык шериктештиктери иштейт, алардын 70 пайызга жакыны Чүй облусунун аймагында жайгашкан. Кооперативдердин өкүлдөрү дача айылдарынын жашоочулары туш болгон көйгөйлөрдү айтышты. Алардын эң негизгиси-каттоонун жоктугу.

Калктуу конуштун статусу жок болгондуктан, фельдшердик-акушердик пункттарды, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу мүмкүн эмес. Мындан тышкары алардын айтуусу боюнча, тургундар өз каражаттарына электр станцияларын орнотуп, жолдорду жана көпүрөлөрдү курууга аракет кылышууда.

Чүй облусунда мунапыстын алкагында жарандардан 41 820 арыз келип түшкөн, анын ичинен 26 218и коомдук билдирүүдөн өтүп, жарандарга жер тилкелерин берүү боюнча 18 748 чечим, 14 438 мамлекеттик акт жана 3 835 техникалык паспорт берилген.

Жумагазиевдин айтымында, жаңы конуштарда дача кооперативдеринин тилкелери мыйзамдаштырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM