Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Кыргызстандык эки кызды өлдү деп таануу эрте

Кыска кабар | 27 Мар 2024 | 180 | 0

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-мартта Москвадагы Crocus City Hall концерттик залында болгон кол салуудан каза болгондордун такталган тизмесин жарыялады.

Тизмеде кыргызстандык эки кыз бар — Маиза Гүлжигит кызы жана Эдита Жусупова.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын эки жаранын өлдү деп таануу эрте экенин билдирди. Себеби генетикалык экспертизалар бүтө электигин белгилейт.

«Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизалар бүтө элек жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын маалыматтары камтылган. ДНК изилдөөнүн жыйынтыгы даяр эмес», — деп билдирет Тышкы иштер министрлиги.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги кырсык болгон күнү Crocus City Hall имаратында иштеген эки кыргызстандык жаран изделип жатканын билдирген.

22-март күнү кечинде Москвадагы Crocus City концерт залында атышуу болуп, өрт чыккан. Залга бир нече адам кирип келип, адамдарга карай ок атып, күйгүзүүчү бомбаларды ыргытышкан.

Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

Кылмышка айыпалгандар кармалган. Алар Тажикстандын жарандары болуп чыккан. Өлкө президенти Владимир Путиндин айтымында, бул иш боюнча жалпысынан 11 адам кармалган.

ТИМ: Москвадагы кол салууга шектелген адам Кыргызстандын жарандыгынан чыккан

Copyright © 2017 Maral FM