ТИМ: Москвадагы кол салууга шектелген адам Кыргызстандын жарандыгынан чыккан

Москвадагы «Крокус Сити Холлдогу» кол салууга шектелип жаткандардын бири Кыргыз Республикасынын жараны экендигин бир топ маалымат каражаттары жазды. Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, А.К. аттуу жаран Кыргызстанда төрөлгөнүн, бирок 2014-жылы Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканын маалымдады. Буга байланыштуу бул жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери Орусиянын аймагындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин компетенциясына кирбейт. … Читать далее ТИМ: Москвадагы кол салууга шектелген адам Кыргызстандын жарандыгынан чыккан