Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Москвадагы кол салууга шектелген адам Кыргызстандын жарандыгынан чыккан

Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 384 | 0

Москвадагы «Крокус Сити Холлдогу» кол салууга шектелип жаткандардын бири Кыргыз Республикасынын жараны экендигин бир топ маалымат каражаттары жазды.

Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, А.К. аттуу жаран Кыргызстанда төрөлгөнүн, бирок 2014-жылы Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканын маалымдады.

Буга байланыштуу бул жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери Орусиянын аймагындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин компетенциясына кирбейт.

Москванын Басманный сотунан Орусиянын Тергөө комитети «Крокус Сити» борборундагы кол салууга шектүүлөргө байланышы бар деген негизде сегизинчи кишини камакка алууну өтүнгөн.

ТАСС маалымат агенттиги жазгандай, 32 жаштагы Алишер Касимов кол салууга шектелип кармалгандардын бири Шамсиддин Фаридунге батирин ижарага бергени айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM