Биз менен байланышыңыз

«Аккула» ат майданынын жаңы курула турган имаратына капсула салынды

Кыска кабар | 21 Мар 2024 | 220 | 0

Президент Садыр Жапаров 21-мартта Бишкектин батыш тарабында жайгашкан «Аккула» ат майданынын жаңы курула турган имаратына капсула салды.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жаңы ат майданда көк бөрү оюндарын көрүү үчүн 10 миң орун, башкы ат майдан 20 миң орундуу болору мерчемделүүдө. Мурдагы ат майдандын аянты 57 гектар болчу. Жаңы ипподромго 200 гектардан ашык жер бөлүнүп берилди.

Ат майданында соода борбору, мейманкана, дүкөн, кафе-ресторан болору эске алынган, комплекс жыл бою иштейт.

Бишкек мэриясына караган «Аккула» ат майданынын эски мүлктөрү аукцион аркылуу сатыкка коюлат. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол коюп, атайын комиссия түзүлгөнү кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM