Биз менен байланышыңыз

24.kg маалымат агенттиги сатылып, жаңы ээси белгилүү боло элек

Саясат | 18 Мар 2024 | 1181 | 0

24.kg маалымат агенттиги 15-мартта кайра каттоодон өткөнү, директору Шерипбаева Гүлжан Каримовна болгону Оsoo.kg сайтына жарыяланган. Nazarnews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева 24.kg маалымат агенттигине эч кандай байланышы жоктугун, жетекчилик кызмат сунушташканда баруудан баш тартканын билдирди. Маалымат агенттиктин мурдагы редактору Махинур Ниязова жетекчи алмашканын социалдык тармактан окуганын, себебин билбесин айтты. Ал 24.kg маалымат агенттиктин редакторлук кызматынан кетти. Учурда маалымат агенттиктин жаңы жетекчиси белгилүү боло элек. Медиа серепчилер өлкөдө көз карандысыз маалымат каражаттарынын азайышы сөз эркиндигине терс таасир берерин айтышууда. 

Кыргызстанда 18 жылдык тарыхы бар, көз карандысыз 24.kg маалымат агенттиги кайра каттоодон өтүп, директорлугуна Гүлжан Шерипбаева бекитилгени белгилүү болду. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, агенттик 15-мартта кайра каттоодон өткөн.

Гүлжан Шерипбаева — учурда Nazarnews маалымат агенттигинин башкы редактору. Ал 24.kg агенттигине байланышы жок экенин, жетекчилигине баруудан баш тартканын билдирди.

«24.kg маалымат агенттигинин кожоюну такыр башка адам. Анын жетекчиси ким болору бүгүн, эртең Минюстка да илинсе керек. Агенттиктин мага эч кандай тиешеси жок. Ички саясатын да билбейм. Анын мага кызыкчылыгы жок. Өзүмдүн эл аралык деңгээлге жеткен сайтым бар. Кырдаал ушундай болуп калды. Азырынча сыр болуп турсун. Чынын айтсам, ал жакты сунушташканда баш тарткам. Анткени өзүмдүн жакшынакай ишим бар. Ноябрда менин сайтымды жаап салып, аябай ызы-чуу болгонбуз. Бирөөнүн сайтына барып эле иштей калганга менде маанай жок. Өзүмдүн сайтым турганда, аны эмне кылам?  Менин оюмча, бул жакта бирөө атайын шыбырап койду. Бүгүн же эртең белгилүү болот. Ал киши — силер тааныган, сыйлаган эле журналист».

24.kg сайтынын мурдагы директору Асел Оторбаева маалымат агенттиктин ээси алмашканы боюнча үн ката элек.

Аталган сайттын мурдагы редактору Махинур Ниязовага байланышканыбызда, жетекчинин алмашканын социалдык тармактардан билгенин айтты. Бирок толугураак комментарий берүүдөн баш тартты.

Ниязова Фейсбуктагы баракчасына жетекчинин эмне себептен алмашканы тууралуу маалыматы жок экенин, ошондой эле башкы редакторлук кызматтан кеткенин жазды.

«Түшүнбөстүктөр болбошу үчүн ушул жерге жазам. Мен мындан ары 24.kgде иштебейм. Менин атым жаңы жетекчилердин жанында аталышын каалабайм. Бул — эмоция эмес, принциптер, жалганга чыдабоо. Менин материалым үчүн козголгон кылмыш иши боюнча жооп берүүгө даярмын. Качып кеткен жокмун».

Журналист Семетей Аманбеков 24.kg маалымат агенттигинин сатылышына басмырлоо себеп болду деген пикирде. Ал коомчулук дагы бир көз карандысыз медиадан айрылганын белгиледи.

«Башка ээлерге өтүптүр агенттик. Бир-эки күндөн кийин жаңы жетекчинин аты угузулат. Ал да — журналист. Бирок бул азырынча такталбаган маалымат болуп жатат. Маалымат агенттик өз каалоосу менен эле сатылган. Бирок буга басмырлоо себеп болгон. Баарыбызга белгилүү кылмыш иши козголуп, кеңсесине мөөр басылып, техникасынын баары алынган. Айрым жетекчилердин үстүнөн кылмыш иши да козголгон. Ошондуктан кандайдыр бир соодалашуу болуп, сатылып кеткен деп ойлойм. Дагы бир көз карандысыз медиадан айрылдык. Дагы бир медиага азайдык. Бул — абдан өкүнүчтүү жагдай».

Журналист Семетей Аманбеков бийлик учурда көз карандысыз медианын ролун түшүнбөй жатканын айтты.

«Негизи эле азыркы бийликтин көз карашы көз карандысыз медиалардын ролун толук кандуу түшүнө албай койду. «Алар негатив эле жазып жатат» деп айыптап жатышат. Алар негативдин артынан журналисттин күнөөсүн эмес, жергиликтүү бийликтердин, чиновниктердин жумушту толук кандуу жасабаганын жазып келе жатышат. Ошону оңдогондун ордуна күнөөлүү көз карандысыз медиалар болуп жатат. Журналисттер — азыркы учурда мамлекеттин жана элдин эң биринчи жардамчылары».

15-январда УКМК кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесине тинтүү жүргүзүп, эшигине мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 407- беренеси (согушка үгүттөө) менен козголгон иштин алкагында директору Асел Оторбаева, башкы редакторлору Махинур Ниязбекова менен Антон Лымар тергөөгө сурак берип чыккан.

Кеңсени кайра ачтыруу боюнча өтүнүч арызды Свердлов райондук соту да, Бишкек шаардык соту да четке каккан.

Агенттик 2006-жылдан бери иштеп келет, жакында 18 жылдык мааракесин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM