Дүйнөгө белгилүү түрк ашпозчусу Бурак Өздемир Кыргызстанга келди. Ал социалдык тармактагы баракчасына сүрөт-видео жүктөдү.
Бурак Өздемир “Умма” кайрымдуулук фондунун чакыруусу менен «Рамазан чатыры» аталышындагы кайрымдуулук акциясына катышуу үчүн келди.
Бул долбоор ыйык Рамазан айында муктаж болгондорго жардам берүү максатын көздөйт.
Бурак Өздемир ар дайым жылмайып тамак жасаган ашпозчу катары белгилүү. Ал көптөгөн мамлекеттерде жасалып жаткан кайрымдуулук иш-чараларын колдоп, жардам берип келет.
Өзүнүн бир катар өлкөлөрдө ресторан тармактары бар.