Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда кызамык менен катталгандар 5,5 миңге жетти

Кыска кабар | 18 Мар 2024 | 111 | 0

Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунан кабарлашкандай, Кыргызстанда 12-мартка карата кызамыктын 5 миң 446 учуру катталды.

Бишкек шаары боюнча 1653, Ош шаары боюнча 334, Ош облусунда 907, Баткен облусунда 133, Чүй облусунда 1 228, Жалал-Абад облусунда 975, Ысык-Көл облусунда 86, Талас облусунда 76 жана Нарын облусунда 54 учур катталды.

Министрликтин маалыматына караганда, кызамык вирусу Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жайылып жатат. Оорунун көбөйүшүнө балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу себеп болууда.

Кыргызстанда кызамык оорусуна жооп иретинде эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды, ал Жалал-Абад облусунда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM