Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Радиолор жаңылыктарды санарип дикторго окутуп жатат

Кыска кабар | 28 Фев 2024 | 140 | 0

Кыргызстанда жасалма интеллект жана кванттык эсептөөлөрдү иштеп чыгуу менен алектенген инновациялык технологиялар борбору түзүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Digital Kyrgyzstan эл аралык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Борбор өкмөттүк мекеме болу, мамлекеттик субсидия жана демөөрчүлөрдүн жардамы аркылуу каржыланат.

Акылбек Жапаров ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан тарта “Түндүк” тиркемеси аркылуу кыймылсыз мүлктү онлайн сатып алуу же сатуу иштери башталып жатканын айтты.

Мындан тышкары, өткөн жылы кыргыз тилиндеги жасалма интеллектти окутуу үчүн бюджеттин эсебинен суперкомпьютер сатылып алынганын эске салып, бул кыргыз тилин таануу жана синтездөө боюнча алгачкы кадамдарды жасоого мүмкүндүк бергенин кошумчалады.

Ошондой эле мамлекеттик радио каналдарда санариптик диктор жаңылыктарды кыргыз тилинде окуп жатканын белгиледи.

“Бирок биз замандын талабына жооп берели десек, алдыда дагы көптөгөн кыйынчылыктар бар. Биринчиден, кыргыз тилинин тил корпусун түзүшүбүз керек. Кыргыз тилиндеги чоң көлөмдөгү маалыматтарды санариптештирүү зарыл. Бул милдет өкмөттүн гана эмес, ар бир жарандын милдети. Ошондуктан, биз бул ишке ыктыярчыларды тартабыз жана бизнестин демилгелерине ачыкпыз. Экинчиден, бул жылы биз суперкомпьютерлерибизди эң акыркы Nvidia линиясына жаңыртабыз. Тил корпусунун негизинде жана бул суперкомпьютерлердин жардамы менен биз кыргыз Chat GPT түзө алабыз жана бул жаатта IT коомчулугу менен биргеликте иштөөгө ачыкпыз.

Үчүнчүдөн, инновациялык технологиялар борбору түзүлөт, ал инновациялык технологияларды, анын ичинде жасалма интеллект жана кванттык эсептөөлөрдү иштеп чыгуу жана ишке киргизүү менен алектенет. Бул мамлекеттик мекеме болбойт, аны каржылоо мамлекеттик субсидиялар жана демөөрчүлөрдүн жардамы аркылуу ишке ашат”, — деди Акылбек Жапаров.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, финтех-компанияларынын, стартаптардын, венчурдук фонддордун, чет өлкөлүк жана жергиликтүү банктардын жана микрофинансылык уюмдардын, төлөм системаларынын , байланыш операторлорунун өкүлдөрү жана IT-адистери катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM