Биз менен байланышыңыз

Бишкекте үч бир тууган дайынсыз болууда

Кыска кабар | 26 Фев 2024 | 147 | 0

Бишкекте үч бир тууган — Раяна, Мусабек жана Исабек Маруков изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 24-февралда милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып. 2009-жылы туулган кызы Раяна Марукова жана 2012-жылы төрөлгөн уулдары Мусабек жана Исабек Маруковдор ошол күнү Бакаев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.

Раяна Марукованын белгилери: бою 165 см, арык чырай, чачы күрөң; Кийими: кара куртка, кара топу.

Мусабек Маруковдун белгилери: бою 130 см, арык чырай, чачы кара. Кийими: көк куртка (кызыл өңдөрү бар), боз топу.

Исабек Маруковдун белгилери: бою 130 см, көк куртка (жашыл өңдөрү бар), көк топу.

Милиция балдарды көргөн-билгендерди 0(312) 35-29-47, 0(777) 86-97-97, 0(700) 86-09-09, 0(773) 90-94-65 же 102 номерлерине кабар берүүнү өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM