Биз менен байланышыңыз

Орунбеков: «Ысык-Көл» аэропортунун айланасына тор тосмолор коюлат

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 245 | 0

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы аэропорттун кулап калган тосмосу тууралуу комментарий берди.

Анын Фейсбуктагы баракчасына жазган маалыматына караганда, аэропорттун айланасына тор тосмолор коюлат.

«Тамчы аэропортунун аймагын тоскон дубалдын бир аз бөлүгү катуу шамалга байланыштуу кулап түшкөнү талкууланып жатат. Бул дубал өткөн жылы да урап калып, подрядчы компаниянын эсебинен кайра тургузулган. Катуу шамалдан пескоблок дубалдар эмес, 40 тонналык контейнер ордунан жылып, арматуралар кыйшайып, жеке үйлөрдүн дубалдары да урап калганын жергиликтүү эл видеого тартып чыгарып жатат. Андыктан окуяны бурмалап, андан терс пикир жарата бербейли. Ал жердин шамалына дубал туруштук бере албайт экен, андыктан башка тор тосмолор коюла турганын билдиребиз», — деди ал.

17-февралда болгон катуу шамалда «Ысык-Көл» аэропортунун тосмосу экинчи жолу кулаганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазган.

Аэропорттун айланасындагы тосмолор буга чейин да шамалдан улам оодарылып калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM