Биз менен байланышыңыз

Сириядан дагы 99 адам Кыргызстанга алып келинди

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 264 | 0

Бүгүн, 20-февралда Сириядагы 99 адам Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Айкөл» гуманитардык миссиясынын алкагында бешинчи ирет уюштурулган бул чараларга Америка Кошмо Штаттары көмөк көрсөткөн.

Мекенине кайтарылган 99 адамдын 28и аял болсо, 71и жаш бала экени айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлиги оор абалда калган жарандарды аймактан алып чыгууга көмөктөшкөн тараптардын баарына ыраазычылык билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM