Биз менен байланышыңыз

Караколдогу аскер бөлүктүн кызматкерлери камакка алынды

Кыска кабар | 19 Фев 2024 | 432 | 0

Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн жооптуу кызматкерлери камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, буга чейин ушул аскер бөлүктүн кызматкери, кенже сержант Жылдыз Асанакунова аскерлерге жасалып жаткан зомбулук боюнча 6-февралда социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасаган.

Аскер прокуратурасы анын негизинде текшерүү жүргүзүп, кенже сержант койгон беш доомат боюнча мыйзам бузуулар болгонун аныктап чыккан.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алып коротуу), 131-беренеси (ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен иш козголгон.

Кылмыш иштин алкагында шектүү катары аскер бөлүктүн командири А.Б., анын орун басары Б.К., прапорщик К. уулу. К. жана жеке ишкер Т.Е. камакка алынган.

Учурда шектүүлөр тергелип, бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо чаралары көрүлүп жатканы айтылат маалыматта.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аскер бөлүк текшерилгенин, Жылдыз Асанакунованын айткандары тастыкталбаганын маалымдаган.

УКМК: Аскер бөлүктөгү зомбулук боюнча кайрылуу тастыкталган жок

Copyright © 2017 Maral FM