Биз менен байланышыңыз

УКМК: Аскер бөлүктөгү зомбулук боюнча кайрылуу тастыкталган жок

Кыска кабар | 8 Фев 2024 | 261 | 0
Караколдогу аскер бөлүктү текшерүү учуру

Караколдогу №2028 аскер бөлүгүн текшерүү учурунда аскер кызматкери Жылдыз Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок. Мындай билдирүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети таратты.

УКМКнын айтымында, Жылдыз Асанакунова буга чейин да кайрылууда айткан тариздеги арыз берген. Анын негизинде Аскер прокуратурасы менен биргеликте текшерүү жүргүзүлгөн.

Аны менен катар Жоокерлердин энелери комитети да кошумча текшерүү жүргүзгөн. Анын алкагында документтер иликтенип, тараптар менен аңгемелешүү өткөрүлгөн. Аскерлер турган жай, ашканасы, санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоосу, тамак-ашты сактоосу, даярдоосу, аскерлердин кызмат өтөө шарттары каралып чыккан.

 «Жеринде жүргүзүлгөн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы менен аскер кызматкери Ж. Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок», — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Айта кетсек, Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери, кенже сержант Жылдыз Асанакунова аскерлерге жасалып жаткан зомбулук боюнча 6-февралда социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасаган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кечээ, 7-февралда маалыматтын негизиндеги текшерүүлөрдүн алгачкы жыйынтыгын жарыялап, Жылдыз Асанакунованын өзүн «кызматтан жогорулагысы келип жатат» деп айыптаган.

Copyright © 2017 Maral FM