Connect with us

Каракол: Чек ара кызматы зомбулук фактылары тууралуу комментарий берди

Кыска кабар | 7 Фев 2024 | 412 | 0

УКМКнын Чек ара кызматы Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери Жылдыз Асанакунованын жоокерлерди сабап, кордоо фактылары тууралуу айткан видео кайрылуусу боюнча комментарий берди.

Бир күн мурун социалдык тармактарда кенже сержант Жылдыз Асанакунованын өлкө жетекчилигине кайрылуусу тараган.

«Аскердик бөлүктө жоокерлер зордук-зомбулукка кабылып, колу-буту сынып, көзүнөн жаракат алган учурлар бар. Мунун баары жашырылат. Мен муну ачык айткандан кийин бөлүктүн командири тарабынан басым жасалып, ал мени сөгүп, алтургай жеке жашоомо кийлигишүүгө чейин барды», — деп айткан Асанакунова.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, кенже сержант Жылдыз Асанакунова «прапорщик» наамы ыйгарылышы менен дарыкана башчысы кызмат ордуна дайындалууга кызыктар болгон. Бирок мекеме анын үй-бүлөлүк шартына байланыштуу бул кызматка дайындаган эмес.

Ал эми «аскер бөлүгүнө «өлүк малдын» эти жана башка сапатсыз азык-түлүктөр алынып келет» деген маалымат тастыкталган эмес.

«2028-аскер бөлүгүнө бардык азык-түлүк «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдын чегинде, тендер аркылуу сатып алынган. Тез бузулуучу азык-түлүктөрдү сатып алуу жергиликтүү камсыздоочулар арасынан тандоо менен жүргөн. Сатып алынган азык-түлүк алынып келгенде комиссия тарабынан сапаты жана жарактуу мөөнөтүү текшерилет. Аскер кызматчылары үчүн даярдалган тамак-аштын сапаты ар күн сайын көзөмөлгө алынат» , — деп айтылат маалыматта.

Иликтөө учурунда аскер кызматчылары менен маектешүүлөр жүрүп, зомбулук фактылары болгондугу аныкталган эмес.

Объективдүү иликтөө жүргүзүлүшү үчүн 3-февралда кенже сержант Ж. Асанакунова Чек ара кызматынын жетекчилиги менен маектешүүгө чакырылган.

Учурда №2028 аскер бөлүгүндө кайрадан УКМК жана Аскердик прокуратура тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүүдө, алардын жыйынтыктары тууралуу кийинчерээк кошумча маалымдалат.

Copyright © 2017 Maral FM