Таласта уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү А.у.Б. аттуу жаранды Талас облусу боюнча «положенец» катары дайындоо аракетин кылышкан.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 16-февралда облустук милиция менен бирге аталган жаранды кармады.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында А.у.Б. уюшкан кылмыштуу топторго мүчө болуудан, криминалдык идеологияларынан толук баш тартканы кабарланды.