Биз менен байланышыңыз

Матраимовдордун Кара-Суудагы 26 мүлкү камакка алынды

Кыска кабар | 16 Фев 2024 | 224 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго таандык делген Кара-Суу районундагы 26 мүлк камакка алынды. Бул маалыматты «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин райондук бөлүмү тастыктады.

Маалыматка караганда, камакка алуу ушул жылдын 19-январында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жөнөткөн каттын негизинде жүргүзүлгөн.

Камакка алынган мүлктөрдүн арасында «Исмаил ата» мечити, «Исмаил ата» чайканасы, «Апиза эне» ислам институту сыяктуу имараттар, үйлөр да бар экени айтылды.

«Кадастрдын» райондук бөлүмү булардын ичинде Матраимовдун туугандарынын мүлктөрү да болушу мүмкүн экенин эскертти.

Буга чейин Райымбек Матраимовдун Ош шаарындагы үйүнө УКМК мөөр басып кеткени маалымдалган.

Айта кетсек, УКМКнын басма сөз кызматы 8-февралда Райымбек Матраимовго таандык делген 34 млн 810 миң 500 долларлык имараттар мамлекетке өткөнүн кабарлаган.

Матраимовдун 3 млрд 98 млн сомдук мүлкү мамлекетке алынды (сүрөт, видео)

Copyright © 2017 Maral FM