Биз менен байланышыңыз

Матраимовдун 3 млрд 98 млн сомдук мүлкү мамлекетке алынды (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 8 Фев 2024 | 656 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жалпы баасы 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сомдук) мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК мындай чаралар Президент Садыр Жапаровдун кылмыштуу топтордун, кландардын ишин бөгөттөө саясатын ишке ашыруу максатында көрүлүп жатканын маалымдады.

Матраимовго таандык делген төмөнкү имараттар, жайлар мамлекетке алынган:

Бишкек шаарынын Киев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 5 кабаттуу «Бай-Таш мунарасы» турак жай комплекси, аянты 8148,5 чарчы метр, баасы 16 млн 297 миң доллар

Ош шаарынын Төлөйкөн кичирайонундагы «Ихлас» курулуш компаниясынын коммерциялык имараттары, аянты 5085 чарчы метр, баасы 7 млн 627 миң доллар

Кара-Суу районундагы 3,87 гектар жери менен «БИМИ Ош сервис» бажылык каттоо жайы, баасы 4 млн доллар

Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсү, 79 Б дарегиндеги «Эрем» спорт клубу, аянты 538 чарчы метр, баасы млн доллар


Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсү, 82/2 дарегиндеги 2 корпус, офис кеңсеси, аянты 700 чарчы метр, баасы 2 млн 500 миң доллар


Ысык-Ата районундагы 37,3 га жери менен «Юни Лаб» бажылык каттоо жайы, баасы 1 млн 286 миң доллар

Ош шаарынын Апсамат Масалиев көчөсүндөгү «Имарат Стиль» ЖЧКсына тиешелүү «ИМПЕРИАЛ» коммерциялык имараты, аянты 1400 чарчы метр, баасы 2 млн. 100 миң доллар


«Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Р.Матраимовдун кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча тиешелүү комплекстүү иш-чаралар улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM