Биз менен байланышыңыз

Экология министрлигинде 100 млн сомдон ашуун каржылык бузуу болгон

Кыска кабар | 29 Янв 2024 | 146 | 0

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жана ага караштуу мекемелерде 100 млн 988 миң 100 сомго каржылык мыйзам бузуу болгону аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.

27-январда Эсептөө палатасы министрликтердин 2022-жылдагы бюджетин аткаруулары боюнча аудиттин жыйынтыгы каралган. Анда министрликтердин дээрлик көпчүлүгүндө ири суммадагы каржылык мыйзам бузуулар болгону айтылган.

Анын жыйынтыгында айтылган министрликтен төмөнкүдөй каржылык бузуулар табылган:

  • бюджеттик тутумдун каржысын аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 11 млн 290 миң 700 сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 9 млн  459 миң 800 сом;
  • эсепке алуу жана отчёт тартибин бузуу –77 млн 288 миң сом;
  • «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамды бузуулар – 2 млн 949 миң 600 сом.

Аудиттин корутундусуна ылайык, текшерилген министрликке отчёт, жазма буйрук, сунуштама жөнөтүлгөн.

Андан тышкары Финансы министрлигине жазма буйрук, Ички иштер министрлигине 2021-2022-жылдарга лицензияны кармап калуу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн эсептөө маселеси боюнча материалдар жиберилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM