Connect with us

«Дөө Чыңгыздын» жакыны саналган адам Түркиядан кармалды (видео)

Кыска кабар | 28 Янв 2024 | 2675 | 0

К. Көлбаев уюштурган кылмыштуу топтун мүчөсү, Ысык-Ата районунун 1984-жылы туулган тургуну Э. Ж. Түркиядан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айтылган кылмыш дүйнөсүнүн адамы Кыргызстандагы түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатып, ал жерден 1973-жылы туулган Грузиянын жараны, кримтөбөл С. И. менен жакын мамиле түзгөн.

2023-жылдын октябрь айында кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Э.Ж. Кыргызстандан Түркияга чыгып кеткен. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинин 1-бөлүмү менен иш козголуп, Биринчи Май райондук соту камакка алууга өкүм чыгарып, Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал Түркия аркылуу Грузияга өтүп, ал жактын кримчөйрөсү менен байланыш түзүүнү көздөгөн. Бирок аны Түркия укук коргоо органдары колго түшүргөн.

Шектүү кечээ, 27-январда Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

ИИМдин билдирүүсүнө караганда, кармалган адам «Дөө Чыңгыз» каймана ысымдуу Чыңгыз Жумагуловдун жакын адамдарынын бири болгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM