Connect with us

Эне-баланы коргоо улуттук борборунда перинаталдык бөлүм ачылды

Кыска кабар | 26 Янв 2024 | 202 | 0

Президент Садыр Жапаров Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы перинаталдык бөлүмдүн ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө энени коргоо жана жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугуна кам көрүү боюнча стратегиялык максаттарга жетүүдөгү маанилүү кадам экенин баса белгилеген.

«Өлкөбүздүн башкы байлыгы эл экенин эске алганыбызда, жаңы төрөлгөн ар бир баланын, ар бир кош бойлуу аялдын ден соолугуна ар тараптан көңүл буруу – биздин негизги милдетибиз», – деди Президент.

Ачылыштан кийин Президент Германиянын Кыргызстандагы элчисинин, саламаттыкты сактоо министринин коштоосунда бөлүмдү кыдырып чыккан.

Бөлүм Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Германия өнүктүрүү банкынын «Эне жана баланы коргоо IV-V» долбоорунун алкагында уюштурулган.

Жалпы аянты 4 миң чарчы метрди түзгөн перинаталдык бөлүмдө жогорку технологиядагы медициналык жабдуулар менен акыркы үлгүдөгү операциялык бөлмөлөр, эне жана бала үчүн толук жабдылган реанимация бөлмөлөрү, люкс классындагы палаталар бар. Андан тышкары ар кандай медициналык кызматтар камтылган.

Бөлүм кош бойлууларды февраль айынан тарта кабыл алат.

default

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM