Биз менен байланышыңыз

Кара-Суудагы «Туратали» базарынын бир бөлүгүнүн кожоюну камакка алынды

Кыска кабар | 26 Янв 2024 | 935 | 0

Кара-Суу районундагы «Туратали» базарынын бир бөлүгүнүн кожоюну камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, жеке ишкер Ж.К.Ш. өзү көзөмөлдөгөн бөлүктөгү ижарачы соодагерлерди «контейнериңди буздуруп салам» деп коркутуп, келишим түзүүдө жана аны узартууда 5 миңден 10 миң долларга чейин мыйзамсыз акча алып турган.

Ижарачылар соода жайды алдырып жиберүүдөн коркуп, ижара акыдан тышкары да мыйзамсыз акча которуп турууга аргасыз болушкан.

Ушул жылдын 24-январында бул боюнча УКМКга арыз түшкөн. Анын негизинде атайын операция уюштурулуп, соодагерлердин бири мурда суралган 5 миң долларды Ж.К.Ш.нын эсебине которгон. Андан кийин УКМК кызматкерлери жеке ишкерди кармап, тергөө абагына камакка алган.

Соттун чечими менен Ж.К.Ш.нын үйүн тинтүүдө 135 миң 600 доллар, 1 млн 113 миң 800 сом, зер буюмдары, Улуттук банктын 999 үлгүсүндөгү жалпы салмагы 1 кг болгон 10 даана алтын куймасы жана 2017-жылы чыккан «Рейнж Ровер» унаасы алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM