Биз менен байланышыңыз

310 млн 281 миң сомдук зыян боюнча сот аткаруучуга иш козголду

Кыска кабар | 26 Янв 2024 | 147 | 0

Бишкектеги Октябрь районунун сот аткаруучусуна Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту А.Б.ны жана анын тарапташтарын күнөөлүү деп таап, мамлекетке келтирилген 310 млн 281 миң 747 сомдун ордун төлөө боюнча чечим чыгарган.

Өкүмдө белгиленген зыянды өндүрүү Бишкектин Октябрь районунун сот аткаруучусу А. С.га тапшырылган.

Сот аткаруучу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү максатында үч ай бою А.Б.нын мүлкүн камакка албай койгон.

Айыптуу А.Б. бул аралыкта Бишкек шаарындагы батирин 2 млн 3 миң 310 сомго сатып жиберген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM