Биз менен байланышыңыз

Мигранттарды кыйноо боюнча Орусиянын ТИМи менен сүйлөшүү жүрдү

Кыска кабар | 26 Янв 2024 | 187 | 0

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы консулу Гүлнура Нарматова Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Александр Иванов менен сүйлөшүү жүргүздү.

Айта кетсек, 17-январда Орусия укук коргоо органдарынын Екатеринбургдагы курулушта иштеп жатышкан мигранттарды, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын текшерүү учурунда «казча» бастырып, мазактап жатканы социалдык тармактарга тараган.

Консул Орусиянын өкүлү менен ушул теманы талкуулап, тегине, жерлигине карабастан ар бир жаранды текшерүүдө мындай ыкмаларды колдонууга жол берилбестигин белгилеген.

Дипломат Өкүлчүлүктөн Россия Федерациясынын Свердлов облусунун көзөмөл органы тарабынан мыйзамдуу эмгек жүргүзүп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын ар-намысын басмырлаган мындай ыкмалардын укук коргоо органдары тарабынан колдонулушунун мыйзамдуулугун текшерүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүүнү жана адам укуктарын бузгандарды жоопко тартууну өтүнгөн.

Орусия тарап бул маселе иликтенип жатканын, жакын арада Башкы консулдукка расмий жооп берилерин маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM