Биз менен байланышыңыз

Жазуучу Мирзахалим Каримов дүйнөдөн өттү

Кыска кабар | 26 Янв 2024 | 995 | 0

Жазуучу Мирзахалим Каримов 72 жаш курагында узакка созулган оорудан дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу ал жашаган айылдын тургундары маалымдады.

Мирзахалим Каримов 1952-жылы 29-декабрда Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Бүтөө-Көл айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин айдоочулук курстан окуп, беш жылга чукул керек-жарак коомунда кесиби менен эмгектенген.

1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) журналистика бөлүмүнө тапшырып, 1983-жылы окууну аяктаган.

1984-1988-жылдары Жерге-Тал райондук гезитинде иштеген. 1988-жылы Тажикстандан Кыргызстанга кайра көчүп келген.

Ошондон тарта 2010-жылдарга чейин «Советтик Кыргызстан» («Кыргыз Туусу»), Профсоюз уюмунун «Эл жарчысы» гезитинде, «Азаттык» радиосунда кабарчы, Ирандын Кыргызстандагы «Алхода» басма үйүндө котормочу-редактор, «Жаңы кылым» гезитинде редактордун орун басары сыяктуу кызматтарды аркалап келген.

1983-жылы «Мажүрүм тал» аңгемелер топтому, 1995-жылы «Кыя жолдор» повесть жана аңгемелер жыйнагы, 2007-жылы «Каратегин» повесть, аңгемелер, очерктер, маектер топтому, 2012-жылы «Зындан» повести, 2014-жылы «Кыз күйүтү» аңгемелер жыйнагы, 1993-жылы «Жер жылдызы – Жерге-Тал» тарыхый-публицистикалык макалалары, 2007-жылы «Тажикстандык кыргыздар» публицистикалык макалалары, 1996-жылы «Тажик жазуучуларынын повесттери жана аңгемелери», 2008-жылы «Мухаммад пайгамбардын осуяттары» котормолору басмадан чыккан.

2017-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.

Өмүрүнүн соңку учурларында шарты жок темир күркөдө баш калкалап келгендиктен катуу ооруга чалдыккан. Төшөк тартып калганда Токмок шаарынын четиндеги «Дача-1» айылында иниси алып келип карап жатканын айыл башчы социалдык тармак аркылуу коомчулукка кабарлаган.

Жазуучунун сөөгү бүгүн «Дача-1» айылында жерге берилери айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM