Connect with us

Ташов менен Күрөңов «бийликти басып алууга даярдык көргөн» деп шектелүүдө (видео)

Кыска кабар | 10 Янв 2024 | 1681 | 0

Имамидин Ташов менен Тилекмат Кудайберген уулуна (Күрөңов) издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар «өлкөдө башаламандык уюштурууга, бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн» деп шектелүүдө.

Айта кетсек, Имамидин Ташов социалдык тармактар аркылуу видеокайрылуу жасап,  27-декабрда «күч кызматкерибиз» деген адамдар кыйнап алып кетишип, сегиз күн белгисиз жерде кармашканын, ноябрь айында камап, 52 миллион сом бюджетке төктүрүшүп, «сол чөнтөккө 100 миллион бересиң» деп чыгарышканын айткан.

УКМК маалыматта айтылган «кошумча 100 млн сом төгүүнү» таптакыр четке кагып, «түрмөдө жаткан Ташов Куренов менен сүйлөшкөн» деген видеону жарыялады.

УКМК берген маалыматка караганда, Имамидин Ташов Тилекмат Кудайберген уулун жана ал өңдүү бир катар адамдарды үзгүлтүксүз каржылап, биргеликте массалык митиндерди өткөрүүнү, өлкөдөгү ар кандай социалдык кырдаалдарды (ККМ-аппаратка нааразычылык сыяктуу) саясий максатка пайдаланып, бийликти күч менен басып алууну пландап жүрүшкөн.

Алынган маалыматтардын, үн жазуулардын негизинде УКМК Ташов менен Куреновго Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси жана 245-беренеси менен иш козгоп, экөөнө издөө жарыялаган.

Атайын кызмат мындан тышкары да Имамидин Ташов «алдамчылык» фактысына байланышкан 16 кылмыш иш боюнча тергелип жатканын маалымдады.

«KG Групп» компаниясынын директору Имамидин Ташов «бала бакча курула турган жерге көп кабаттуу үй куруп алган» деген шек менен 2023-жылдын 26-октябрында камакка алынган. Анын мамлекетке келтирген зыяны 52 млн сом деп бааланып, Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 10 батирин жана 1 коммерциялык имаратын 52 млн 400 миң сомго баалап, муниципалдык менчикке өткөрүп бергенден кийин үй камагына чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM