Биз менен байланышыңыз

KG групп компаниясынын негиздөөчүсү Ташов үй камагына чыкты

Кыска кабар | 8 Дек 2023 | 890 | 0

KG групп компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов мыйзамсыз турак жай куруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 10 батир жана 52,4 млн сомдук бир коммерциялык жайды муниципалдык менчикке кайтарып берди.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

«Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан жер астындагы унаа токтоочу жайы бар 12 кабаттуу турак үйдү курууга архитектуралык-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарды мыйзамсыз иштеп чыккандыгы аныкталган.

Ошол эле учурда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболору жүргүзүлгөн.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында компания мыйзамсыз түрдө 280 орундуу бала бакчанын (Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 30-июлундагы №417 токтомуна ылайык) ордуна 2 көп кабаттуу үй куруп, сатып жиберген.

«Көрүлгөн комплекстүү чаралардын жыйынтыгында курулуш компаниянын ээси – Т.И.А. мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтурду. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 8-декабрдагы чечиминин негизинде анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү» , — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Имамидин Ташов 26-октябрда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM