Биз менен байланышыңыз

«KG-групп» компаниясынын негиздөөчүсү камакка алынды

Кыска кабар | 27 Окт 2023 | 364 | 0

KG-групп компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүү жана пайдалануу фактыларынын негизинде жүргүзгөн иликтөөнүн жүрүшүндө социалдык имарат үчүн бөлүнгөн жерге мыйзамсыз турак жай курушканы аныкталган.

Бишкек мэриясы 2009-жылы 30-июлунда №417 токтомун кабыл алып, 280 орундуу бала бакча салуу үчүн «KG-групп» компаниясына жер бөлүп берген. Айтылган курулуш компаниясы «Бишкек башкы архитектура» жана «Кадастр» мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүп алып, токтомдо көрсөтүлгөн талаптарды одоно бузуу менен 12 кабат турак үй курууга техникалык паспорт жана башка документтерди алышкан. Анын негизинде компания эки турак жай куруп, батирлерин сатып жиберишкен.

Бул мыйзамсыз иштерден мамлекет 52 млн сом зыян тарткан. Бирок аны компания төлөбөй келген.

Кечээ, 26-октябрда жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жыйынтыгы менен курулуш компаниянын негиздөөчүсү Ташов Имамидин Асамидинович кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо чаралары көрүлүп жатканы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM