Биз менен байланышыңыз

Ишкер Имамидин Ташов уурдалып, «сол чөнтөккө» 100 млн сом төккөнүн айтты

Кыска кабар | 10 Янв 2024 | 1120 | 0

Социалдык тармактарда KG-групп компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун видео кайрылуусу тарады. Аны алгач «Фейсбук» колдонуучу Тилекмат Куренов жарыялады.

Имамидин Ташов былтыр октябрда муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалып, декабрда үй камагына чыкканы белгилүү болгон.

Ал 10 батирди жана 52,4 млн сомдук бир коммерциялык жайды муниципалдык менчикке кайтарып берген.

Имамидин Ташов кайрылуусунда айткандай, 27-декабрда «күч кызматкерибиз» дегендер кыйнап алып кетишип, сегиз күн белгисиз жерде кармашкан. Ишкер ар кандай жолдор менен коркутушканын, ноябрь айында камап, 52 миллион сом бюджетке төктүрүшүп, «сол чөнтөккө 100 миллион бересиң» деп чыгарышканын кошумчалады.

«Албетте, бул жөн эмес. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тууну алмашууга каршы акциялар жүрүп, тынчтык митингдер пландалып жатты. Каршы пикир жараткандарды камоолор менен коштолуп жатты. Мен да пикиримди айтсам, салымымды кошсом деген нерсени кылдыртпай, мени уурдап, кармап жатышты. Тууну алмаштырууга да, өзгөчөлүк киргизгенге да каршымын. Ар бир жасалып жаткан мыйзамсыз иштер эмоцияңды чыгарууга аргасыз кылат экен. Макул камаса камасын, бирок өлүм менен да коштолуп кетип жатат. Эмне деген коом болдук? Мен мындай нерселерге унчукпай коюуга дитим барбады. Адилетсиздикке каршы биригебиз жана күрөшөбүз. Мындан кийин бат-бат чыгып, болгонун болгондой айтып турабыз», — деди ишкер.

УКМКнын маалыматы боюнча, «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан жер астындагы унаа токтоочу жайы бар 12 кабаттуу турак үйдү курууга архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттарды мыйзамсыз иштеп чыккандыгы аныкталган.

Ошол эле учурда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболору жүргүзүлгөн.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында компания мыйзамсыз түрдө 280 орундуу бала бакчанын (Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 30-июлундагы №417 токтомуна ылайык) ордуна 2 көп кабаттуу үй куруп, сатып жиберген.

«Көрүлгөн комплекстүү чаралардын жыйынтыгында курулуш компаниянын ээси – Т.И.А. мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтурду. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 8-декабрдагы чечиминин негизинде анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM