Биз менен байланышыңыз

«Бат арыктатуучу дары, чайлар боор менен бөйрөктү жабыркатышы мүмкүн»

Ден соолук | 16 Ноя 2023 | 3699 | 0

Жакында эле Ноокат районунда арыктоочу каражат ичип каза тапкан келиндин окуясын бир катар ЖМКлар жазып чыккан. Ал маалыматтын астына көптөгөн кыз-келиндер дал ошондой каржаттардын курмандыгы болуп, ден соолугуна терс таасир тийгизип алышканын жазышкан. Ал эми адистер чай же дары иче коюп арыктоо деген түшүнүк такыр туура эместигин айтышат.

Нутрициолог Каныкей  Кыдыеванын айтымында, дени сак адамда ашыкча салмак болбойт. Ал орто дене түзүлүштө болот. Ошондой эле арыктоо үчүн диета кармап, такыр тамак жебей коюу тескерисинче ооруга алып келет. Андан адам салмак да таштабайт. Ал эми арыктатуучу каражаттар аркылуу боор, бөйрөк ооруларына кабылышы мүмкүн.

«Дени сак адамда ашыкча салмак болбойт. Өтө арыктап кетпейт, орто дене түзүлүштө болот. Туура тамактануу менен гана  ашыкча салмак кетет. Арыкташ үчүн диета кармап түрдүү дарыларды, чөптөрдү ичүү аркылуу ден соолугуна чоң зыян алып келет. Арыктоо үчүн диета кармоо өзү туура эмес. Дени сак жашоо образына өтүп, организмдеги керектүү витаминдерди толуктап, тез татым, газдалган ичимдиктерди чектеп койсо эле адам арыктайт жана дени сак болот. Ал эми арыктоо үчүн блоггерлердин жарнамасына алданып чай, дары каржаттарды ичүү такыр туура эмес. Башында бат жыйынтык болуп арыкташы мүмкүн, бир аз убакыттан кийин эле салмак кайра кошулат. Анын кесепетинен боор, бөйрөк ооруларына чалдыгып калуу коркунучу бар».

Арыктатуучу дарылар жана чайлар адамдын табитин бууп, тамакка болгон каалоону азайтат. Ал эми көпчүлүк арыктатуучу чайлар заара кубалоочу же ичти айдоочу касиетке ээ болушат. Бул дарыларды ичкенден кийин адам чынында жеңилдей түшөт, бирок адамдын ичиндеги суюктуктун чыгышы ден соолукка терс таасирин тийгизет.

Терапевт Анара Исаканова арыктатуучу дары, чайларды ичүүнү такыр сунуштабайт. Анткени ар бир адамдын организми ар башка. Көп учурда башка органдарга зыян келтирип алышы мүмкүн.

«Арыктоо үчүн дарыларды ичүүнү сунуштабайм. Себеби, бир адамдын ашказаны, бөйрөгү оорушу мүмкүн. Арыктоочу каражаттардын курамында белгисиз заттар аларды күчөтүп биз күтпөгөн жыйынтыкка келип калышыбыз мүмкүн».

Жалпы гигиена боюнча дарыгер Аида Алимбекованын айтымында,  мамлекеттин көзөмөлүнөн өтпөй, контрабанда жолу менен келген  биологиялык активдүү кошулмалар соода түйүндөрдө көп сатылууда. Алардын курамында кээде дары да кездешип, ал адамдын жүрөк-кан тамыр жана нерв системасына терс таасирин тийгизип, уулануудан тарта өлүмгө чейин алып келет.

«Биологиялык активдүү кошулмаларды дары катары колдонуу эң чоң жаңылыштык.  Алар жөн гана тамакка кошумча витаминдер гана болушу мүмкүн. Анда дагы алып жатканда аны тастыктаган документи болушу керек. Мамлекеттин атайын текшерүүсүнөн өткөн болсо жакшы. Аны колдонуу тууралуу нускама болушу шарт. Ошондой эле аны колдонуу же ичүү тууралуу сунуштама, курамы сөзсүз жазылыш керек. Бирөөдөн угуп эле ишенип ичүү такыр туура эмес. Себеби БАК курамында дарылар болуп калышы ыктымал, ал жүрөк-кан тамырга терс таасир тийгизип адам өлүмүнө чейин алып келет».

Адистер, ар бир адам арыктоо чечимин кабыл алганда зарыл түрдө анализ тапшырып, ден соолуктун абалын билгенден кийин салмак таштоого аракет кылышы керек экендигин эскертишет.  Себеби адамда гормоналдык оорулары болсо арыктай албай калышы мүмкүн. Ошондой эле диетологдун көзөмөлүндө арыктоо зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM