Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Көлбаевдин апасынын тоюна эмнеге барганы айтылды

Кыска кабар | 9 Ноя 2023 | 531 | 0

Интернетте Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасынын юбилейлик мааракесине катышканы тууралуу видео тараган. Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков бул боюнча комментарий берди.

«Минкаб төрагасы Акылбек Жапаровдун Мая Алиеванын 70 жылдык юбилейине арналган салтанатка катышкан эски видеосу — социалдык байланыш тармактарында жарыяланып, талкууга алынып жатат. Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда.

Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз» , — деди Орунбеков.

4-октябрда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоого багытталган атайын операция жүргүзүп, натыйжада Көлбаев жок кылынган. Андан кийин Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев криминал менен күрөшүү күчөтүлөрүн эскерткен. Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар мамлекеттик кызматкерлер иштен алынып жатканы кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM