Биз менен байланышыңыз

Президент улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Окт 2023 | 216 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Жапаров улуу муун өкүлдөрү үчүн мамлекет тарабынан татыктуу жашоо шартын түзүү, алардын коомдун жашоосуна жигердүү катышуусун камсыздоо аракети ар дайым жүргүзүлүп келерин белгилейт.

Улгайган жарандарды социалдык жактан коргоону камсыздоо үчүн пенсия өлчөмдөрүнө жыл сайын индексация жүргүзүлүүдө. Соңку эки жылда пенсия олуттуу түрдө жогорулаган.

Өткөн жылы 33 %га көбөйтүлгөн, быйыл 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 %га көтөрүлдү. Ошондой эле өткөн жылы социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 100 % жогорулаган.

Президент мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири улуу муундун өкүлдөрүн өнүктүрүү экенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM