Биз менен байланышыңыз

Баткенде муктаждарга бекер азык-түлүк берген дүкөн ачылды

Кыска кабар | 25 Сен 2023 | 276 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Баткенде азык-түлүктү бекер берген социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындай дүкөн ачууну Орусияда жана АКШда жашап, иштеген мекендештер сунуштаган. Алар ай сайын керектүү азык-түлүк сатып алуу үчүн акча которушат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмеси жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлөт, азык-түлүк бекер таратылат.

Дүкөндүн аталышы «Элден элге» деп аталат. Ал Баткен шаарынын Самат Сыдыков көчөсүндө жайгашкан жана дүйшөмбү, шейшемби, жума, ишемби күндөрү саат 11:00дөн 16:00гө чейин иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM