Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ун менен буудайды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыска кабар | 25 Сен 2023 | 319 | 0

Министрлер кабинети «Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтом кабыл алды.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, мындай чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында кабыл алынды.

Алты айлык мөөнөт менен буудай унун жана буудайды убактылуу ташып чыгууга тыюу салынат.

22-сентябрдан баштап Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 40 миң тонна буудай даны кампадан чыгарылган. Ошондой эле ун рыногундагы абалды турукташтыруу боюнча Айыл чарба министрлиги ун өндүрүүчү ассоциациялар жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте ун азыктарын өз баасында сатуу боюнча жарманкелерди уюштурду.

Материалдык резервден 40 миң тонна буудай чыгарылат

Copyright © 2017 Maral FM