Биз менен байланышыңыз

Материалдык резервден 40 миң тонна буудай чыгарылат

Кыска кабар | 22 Сен 2023 | 263 | 0

Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда буудай жетиштүү экенин жана кооптонууга негиз жоктугун билдирди. 22-сентябрдан баштап Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 40 миң тонна буудай даны кампадан чыгарылат.

Ошондой эле ун рыногундагы абалды турукташтыруу боюнча Айыл чарба министрлиги ун өндүрүүчү ассоциациялар жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте ун азыктарын өз баасында сатуу боюнча жарманкелерди уюштурду.

Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкелердин дареги:

«Ош» базары;

«Аламедин» базары («Табылга» соода борборунун аялдамасы);

«Орто-Сай» базары («Оберон» бөлүмүнүн кире бериши);

«Дордой фут» базары.

Бишкек шаарындагы ун жарманкесиндеги ата мекендик ундардын баасы:

жогорку сорт — 1 860 сом;

1-сорт — 1500 сом;

2-сорт — 1125 сом.

Айыл чарба министрлиги «Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомдун долбоорун Министрлер кабинетинин кароосуна киргизди. Алты айлык мөөнөткө буудай унуна жана аштык буудай данын ташып чыгууга болбойт.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин 21-сентябрдагы жыйынында ундун баасы дароо 1000 сомго кымбаттап кеткенин, бул аткаруу бийлигинин шалаакылыгы, күз-кышка даярдыгы жоктугун көрсөткөнүн айткан.

Депутат Марлен Маматалиев унга карата бааны көзөмөлдөбөгөн мамлекеттик органдардын иши чабал болуп жатканын, ундун кымбатташы азык-түлүктүн бардык түрүнө таасир этип жатканын билдирген.

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев унга баанын өсүшү Казакстандан жүк келүүчү темир жолдун сезондук тыгынына байланыштуу экендигин айткан.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, ун кымбаттаганы тууралуу айткандарды четке кагып, баалар көтөрүлбөй турганына ишендирди. Казакстандын унунун баасы көтөрүлгөнү ички базарга таасир этпей турганын, жакын арада азыркыдан да төмөн болорун белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM