Биз менен байланышыңыз

Нахчиванда Түркия менен Азербайжандын президенттери жолугат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Сен 2023 | 259 | 0

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу менен бүгүн, 25-сентябрда Нахчиванга барат. Бул тууралуу Түркия президентинин байланыш башкармалыгы жарыялады.

Берилген маалыматка караганда, президенттердин жолугушуусунда Түркия-Азербайжан карым-катнаштары каралып, өзгөчө Карабахтагы акыркы абал менен актуалдуу аймактык жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмашылары күтүлүүдө.

Эрдоган менен Алиевдин «Ыгдыр-Нахчыван» жаратылыш газ курулушунун пайдубалын түптөө аземине катышары жана модернизацияланган Нахчыван аскердик комплексинин ачылышына катышары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM