Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу менен бүгүн, 25-сентябрда Нахчиванга барат. Бул тууралуу Түркия президентинин байланыш башкармалыгы жарыялады.
Берилген маалыматка караганда, президенттердин жолугушуусунда Түркия-Азербайжан карым-катнаштары каралып, өзгөчө Карабахтагы акыркы абал менен актуалдуу аймактык жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмашылары күтүлүүдө.
Эрдоган менен Алиевдин «Ыгдыр-Нахчыван» жаратылыш газ курулушунун пайдубалын түптөө аземине катышары жана модернизацияланган Нахчыван аскердик комплексинин ачылышына катышары күтүлүүдө.